8-июнда болгон катуу шамал Бишкектеги айрым турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Дарактар кулап, жол четинде турган айрым унааларды басып калса, "Ала-Тоо" аянтында илинип турган желектин тең жарымы айрылып калды. Ошондой эле Бишкектеги көчөлөрдүн бириндеги жарнамалык такта кулап, бир нече унаанын үстүнө түшүп, жолду тосуп калды.
Соңку маалыматтарга караганда, катуу шамал адам өмүрүнө зыян алып келген жок. Учурда Бишкек мэриясы тарабынан атайын оперативдүү штаб түзүлүп, кыйраган дарактарды жолдон алып салуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов социалдык тармактардагы өздүк баракчасына жазып чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирди. Маалыматка ылайык, 9-июнда күндүз жана 10-июнда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 9-июндан 12-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.