2 айга камакка алынган Туризм департаментинин директору Максат Чакиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 11-июнда Бишкек шаардык соту чыгарган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Айта кетсек, 2014-жылдын июль айында Чакиев чет элдик Ф.П. аттуу жарандын ишеничине кирүү менен ага Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө департамент башчысынын бул кылыгы билинип, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштап, 28-май күнү ал 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алган болчу.