Кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Бангладешти 3:1 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болушту

Бүгүн, 11-июнда Бангладештин Дакка шаарында кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Бангладеш улуттук курамасына каршы беттеш өткөрүштү. Тандоо турунун алгачкы беттешинде улуттук курамабыз 3:1 эсебинде утуп, алгачкы 3 упайга ээ болду.

Алгач 9-мүнөттө кыргыз футболчусу Антон Землянухин эсепти ачты. Туура 20-мүнөттөн соң Германияда ойноп, кыргыз мамлекетинин курамасына кирген Эдгар Бернхардт пенальтиден эсепти 2:0гө айландырды. 32-мүнөттө коргоочу Валерий Кичиндин катасынан кийин топ биздин дарбазага кирип, үй ээлери көңүл жубатчу топ жаратышты. Оюнга чекит койгон голду Антон Землянухин 41-мүнөттө киргизди.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна Азиянын 40 курама командасы катышууда. Алар беш-бештен 8 тайпага бөлүштүрүлгөн. Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “В” тайпасында Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары менен болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
FIRDAUS
2015-06-12 01:47:23
туугандар бу Азамат Байматовдон болок кыргыз барбы биздин курама командада.
0
Ertuugan
2015-06-12 10:28:42
FIRDAUS,байматовдон бөлөк, улуттук курамдакы курсан шератов, талант самсалиеев, темирлан козубаеев, турсунаалы рустамов, бахтийар дүйшөбеков, фархат мусабеков , мирлан мурзаеев, алмазбек мырзалиеев, азиз сыдыков кыргыз болуш керек. башкалардын аттарын кыргыздын атына окшоштура албадым.
0
Sultanim
2015-06-12 01:52:25
Kuttuktaybiiiiiiz!!!!!
0
KingShadow
2015-06-12 01:53:24
Баарыңар жыргап жатып калыпсыңар го)) Эртең утулганда да ушинтип колдоп кетээр бирөөң болоор бекенсиңер?))
-3
medina.
2015-06-12 02:11:47
Эми Кудай жалгап,Австралияны да бирдеме кылсанар.
0
Kg_boy91.91
2015-06-12 02:13:36
Азаматсынар авсиралия менен болучу оюнга ийгилик
0
etaj_rus79
2015-06-12 02:32:58
баракелде кыргызым келечек али алдыда угуп алып алыста болсомда суйундум дуйно чемпионуна чыккыла
0
KUMU89
2015-06-12 03:35:01
Аябай кубанды чындыгында. Азаматсынар! Дайым алга жургуло ошентип.
0
Mirbecks
2015-06-12 04:06:13
Ayabai kubanyp jatam.Azamatsynar alga kyrgyzym. Kelgile tuugandar Avstraliya menen bolo turgan oyunda koldoo korgozup oyunga baryp kuch bereli
0
Ima12
2015-06-12 04:54:58
Iii toobo kg kurama komandasyda utat ekenda ee))) chyn jaman korbogulochu... Birinchi jolu okup atam jendi degen jazuunu. Ayabay tan kaldym. Allahu Akbar,"ALGA KYRGYZYM". Ushul jenishibiz, bizge but jenilgenibizdi unutturdu desek bolot e dostor)))
0
Englishman
2015-06-12 09:11:34
Уууурааааа!
0
admin_portal
2015-06-12 10:41:21
eldar96 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
Gamer
2015-06-12 11:40:17
Эми Австралия менен оюнунда барып Кыргызстанды колдойлу! Ким барат 16-сында? Чогуу кыйкырып туралы))
0
suluktu
2015-06-12 11:54:34
Антон красавчик!!
0
milan_92
2015-06-12 19:13:30
азаматсынар Кыргызстан алга
0
edil.kg
2015-06-12 23:30:03
баракелде болот экенго Аллага шугур буйруса 2018чыгат КР
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан