Бүгүн, 12-июнда премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын 5-майында Кара-Балта шаарында өрттөнүп жаткан үйдөн үч адамды куткарып калган мектептин 5 бүтүрүүчүсүн кабыл алып, аларга ыраазычылык катын жана өз белегин тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат булагы билдирди.
Жолугушууда алар Темир Сариевге окуянын кандай болгонун айтып беришти. Айтымдарында, Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин өрттөнүп жатканын көрүшкөн. Алар үйдүн ичинде улгайган адамдар экенин угушкан соң, өз өмүрлөрүн тобокелге салып үч адамды куткарып калышкан. Куткарылгандардын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болгон.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү чукул кырдаалда адамды куткаруунун жол-жобосун мектептеги жарандык коргонуу сабактарынан үйрөнүшкөнүн айтышты.
Премьер-министр алардын жасаганын эрдик деп атап, жарандык милдетин эр жүрөктүк менен аткарганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Дүйнөдө адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Жардамга муктаж адамга өмүрүн сактап калууну эрдик деп атай алабыз. Кыргыз мамлекетине силер сыяктуу ар түрдүү оор кырдаалда жардамга шашылып, эрдик кылган жигиттер керек. Ошондуктан силерге, ата-энеңерге жана мугалимдериңерге ыраазычылыгымды билдирем",- деди Сариев. Ошондой эле Темир Сариев балдарды татыктуу билим алып, жоопкерчиликтүү, ак ниет жаран болууга чакырды.