Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп 236 упайды Бишкектеги лицейдин окуучусу алды

Өлкөдөгү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң көп упай топтогон окуучулар аныкталды. Эң көп упайды борбордогу №61-физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Вадим Курочкин топтогон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 24-июнда билдирди.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 236 упай алган Вадим: "Чынын айтканда, бул мен үчүн абдан күтүлбөгөн нерсе болду. Биздин мектеп дайыма онго жакын сертификат алат, бирок алардын ичинде эң көп упай меники болот деп ойлогон эмесмин. Менин бир топ классташтарым 230-235 деген упайларды алышты. Ошондуктан анчалык деле айырма жок",- деди.

Ал Москвадагы Жогорку экономика мектебине өткөнүн кошумчалап: “Мен өлкөмө алтын сертификаттан дагы чоңураак нерсе калтыргым келет”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KUMTOR1
2015-06-24 14:15:33
Вадим азамат!
0
advert
2015-06-24 14:20:18
молодец!
+1
ely1973
2015-06-24 21:45:35
Вадим супер!Удачи!
0
Sadyrov_n93
2015-06-24 23:45:38
Ва молодец!
0
Ariet7
2015-06-25 04:03:58
Азамат Кыргызстандан алыстабайсын деп ишенебиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан