Бишкекте 19-20-июнь күндөрү көчө маданияты боюнча VII Эл аралык фестиваль өткөн эле. Ага катышкан Казакстан, Германия жана Швейцария жана Кыргыз Республикасынан өкүлдөр граффити тартып, хип-хоп жанрында бий жарышын өткөрүшкөн. Иш-чаранын алкагында Боом
капчыгайында 100 чарчы метр аянтка "- Эээ... Кандай?" деп жазылган граффити тартылды.
Фестивалды “Кеменгер” жаштар борбору уюштурду. Саамалыктын максаты - жаштар арасындагы эл аралык мамилени өнүктүрүү.