Армения өкмөтү нааразычылыкка чыккандардын талабына макул эмес

Армения өкмөтү электр энергиясы үчүн баанын көтөрүлүшүнө каршылык билдирип чыккан митингчилердин талабын аткаруудан баш тартты. Өкмөт башчы Овик Абрамян 25-июнда өкмөт жыйынында сөз сүйлөп, митингчилердин талабын аткаруу үчүн башка жол сунуштады. Өкмөт башчы ал үчүн оор шартта жашагандарга төлөнүп берилчү жөлөк пулдун көлөмү жогорулай турганын айтты. Армения аз камсыз болгон 105 миң үй-бүлөгө же 400 миң жаранга жөлөк пул төлөп келет. Премьер-министр электр энергиясына болгон баанын көлөмүн көтөрүүгө улуттук валютанын кунунун ылдыйлап кеткени себеп болуп жатканын кошумчалады.

Акция Гюмри, Ванадзор, Аштарак жана Абовян шаарларында, ошондой эле өлкө борбору Ереванда 19-июндан бери уюштурулуп жатат. Акция тынч маанайда уланып жатканын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. Ошондой эле митингчилер элди жарыкты кечки саат 9дан 10го чейин толугу менен өчүрүп салууга чакырышууда.

Кошумчалай кетсек, Армения ушул жылдын башында Бажы биримдигине кирген. Армениянын Коомдук кызматтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясы 17-июнда электр энергиясына болгон бааны бекиткен. Бул чечимге ылайык, калк 1-августтан тарта 1 киловаттка 6,93 драм кымбат төлөп баштайт. 1 драм 13 тыйынга барабар экенин эске алсак, баа 89 тыйынга кымбаттаган (же болбосо 16,7 пайыз).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан