Учурда Чилиде футбол боюнча Америка кубогу үчүн мелдеш өтүп жатат. 30-июнга караган түнү үй ээси Чили курамасы жарым финалда Перуну 2:1 эсебинде утуп, мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, оюндун жүрүшүнө Перунун коргоочусу Карлос Самбранонун 20-мүнөттө оюндан четтетилгени өз таасирин тийгизди. Беттештин алгачкы 45 мүнөттүгү жыйынтыкталар алдында Чили Эдуардо Варгастын голу менен эсеп катыштыгында алдыга чыкты. 60-мүнөттө Гари Медель өз дарбазасына киргизген гол менен эсеп теңелди (1:1). Ал эми үй ээлерине жеңиш алып келген голду 4 мүнөттөн кийин Эдуардо Варгас киргизди.
Кошумчалай кетсек, Чили бул жеңиши менен мелдештин финалына чыга алды. Эми анын финалдагы атаандашы Аргентина менен Парагвай курамаларынын бири болот. Экинчи жарым финалда бул эки команда 1-июлда оюн өткөрүшөт.