Аргентина – Парагвай – 6:1
Голдор: Рохо (15-мүнөттө), Пасторе (27), Ди Мария (47, 53-мүнөттөр), Агуэро (80), Игуаин (83) – Барриос (43-мүнөттө).
1-июлга караган түнү Чилиде өтүп жаткан Америка Кубогунун экинчи финалчысы аныкталды. Бул күнү Парагвай курамасын ири эсепте утуп, Аргентина финалга жолдомо алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Маалыматка ылайык, беттеште Лионель Месси 3 ирет натыйжалуу пас берди.
Кошумчалай кетсек, 5-июлга караган түнү орун алчу финалдык беттеште Аргентина менен Чили беттешет. Ал эми 3-орун үчүн болгон оюнда Перу менен Парагвай курамалары кез келет (4-июль).