Коомдук активисттердин артынан кууп, автоунаанын мамлекеттик номурларын чечип алган адамды издеп табууну милиция кызматкерлери убадалашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда активисттердин бири Болот Ибрагимов интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
Анын айтымында, ал бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин издөө бөлүмүнүн кызматкери менен жолугушат. Мындан тышкары ал унаанын номурларын жулуп салган жигиттин досу Азирет А. өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн кызматкеринин уулу экенин баса белгиледи.
Айта кетсек,
Бишкекте жол-кайгуул кызматкерлери айдоочудан 5 миң сом акча талап кылышып, бербей койгондон кийин артынан кууп барышып автоунаасынын мамлекеттик номурун чечип алышканы тууралуу видео 30-июнда интернет айдыңына тараган
. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, жарандар активисттерге колдоо көрсөтүүнү айтышууда. Ал эми активисттерге керсейген, аларды сөгүп, автоунаанын номурларын чечип алган жигитке интернет колдонуучулар "Дрыщ" ("тыржыйган адам" - ред.) деген каймана атты коюшту.