Америка Кубогунун финалында Чили курамасы Месси баштаган аргентиналык футболчуларды утуп алды

5-июлга караган түнү Чилиде футбол боюнча Америка Кубогу жыйынтыкталды. Мелдештин финалында Аргентина курамасы менен Чили кез келип, үй ээлери жеңишке жетишти. Муну менен Чили курамасы аталган мелдешти алгачкы жолу ута алды. 

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, беттештин негизги убактысы жана кошумча 15 мүнөттүктөр да 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Ал эми пенальтилер сериясында чилиликтер жолдуу чыгып, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздашты. 11 метрлик соккуларды Чилинин курамынан Фернандес, Артуро Видаль, Чарлес Арангис жана Алексис Санчес сыяктуу футболчулар так аткарышты. Ал эми Аргентинанын футболчулары 3 сокку узатып, команда лидери Лионель Месси гана гол жаратты. Гонсало Игуаин топту дарбазадан ашыра тепсе, Эвер Банеганын соккусун дарбазачы Клаудио Браво тосуп алды. 1993-жылдан тарта аталган мелдешти ута элек Аргентина курамасы ошентип бул жолу да кубоктон куру калды. 

Кошумчалай кетсек, мелдештин башкы бомбардирлери Паоло Герреро (Перу) менен Эдуардо Варгас (Чили) болду. Эки футболчу тең 4 гол киргизди.

Буга чейин 3-орун үчүн болгон оюнда Перу курамасы Парагвайды 2:0 эсебинде утуп алган. 

Америка Кубогу. Аргентина - Парагвай - 6:1
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Hernandez
2015-07-05 22:38:51
Эх Месси Месси. Ушул кубол жетпей жатты эле. Эми 2018 Россияда жана 2019 Бразилияда чемпион болосун. Ийгилик.
-2
eldar96
2015-07-05 23:59:09
Азаматтарым десе, жайрасынар. Месси Санчестин чанында эле калып кетти кечеги оюнда. Байкуш чалынып эле бутга оролошуп журду Мессинер.
0
kama_future_millioner
2015-07-06 01:10:24
Топ тоголок дейтко
-1
bakaiBBBB
2015-07-06 01:11:39
Спорт жанылыктарын кечигип берип жатасынар почти бир кундон кийин...
+6
myshka406
2015-07-06 11:13:16
Чили чили чили чи чииили болдуго молодец!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан