Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 4-июлда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош шаардык конференциясы өттү. Иш-чарада өлкөдөгү саясий абал, мыйзамдуулук, экономика тууралуу бир катар маселелер көтөрүлдү.
Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, “Ата Мекен” партиясы мамлекет алдында, тарых жана келечек муундардын алдында өзүнө тагылган милдетти чоң жоопкерчилик менен аткарып келе жатканын айтты.
“Жакында Кыргыз Республикасына БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун келип, кыргыз жеринде атаандаштыкка негизделген, мыйзам үстөмдүк кылган, адам укугун сыйлаган саясий систем түзүлгөнүн, парламенттик-демократиялык реформа калыптанганын белгиледи. Бул системди калыпка салууда “Ата Мекен” партиясынын жана сиздердин салымыңыздар чоң”,- деди Өмүрбек Текебаев.
Европа өлкөлөрү кыргыз өлкөсүн эркиндикти сүйгөн, адам укугун урматтаган, Орто Азияда алгачкылардан болуп парламенттик республика түзүп дүйнөгө таанылган мамлекет катары тааный тургандыгы белгилүү. “Ата Мекен” партиясынын лидери белгилегендей, мындай сыймыктуу иштердин башында аталган партия турат.
Египетти, Сирияны, Ливияны, Украинаны мисал кылган Өмүрбек Текебаев кыргыз өлкөсүндө акыркы беш жылда болуп өткөн саясий жана тарыхый окуяларга да токтолуп, улуттар ынтымагын бекемдеп, өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык реформалардын жыйынтыктуу болушуна, бийликти мыйзамдаштыруунун кыска убакытта ишке ашышына “Ата Мекен” социалисттик партиясынын салымы зор экендигин айтты. Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттери учурда парламентаризмге багыт алып, мамлекетибиз тандаган жолду басып өтүүгө бел байлашы “Ата Мекен” партиясынын коңшулар үчүн дагы тарыхый жол салып бергендиги экендигин сыймыктануу менен айтууга болорун кошумчалады.