Айыл жеринде атчан адамга, жөө адамга же айдоочуларга келип жарамазан айтуу өөн учурайт. Ал эми Бишкекте бул саналгандар кадимки көрүнүш катары бааланат.
Шлагбаум тарапта 10дон ашык жаш балдар-кыздар жарамазанды катырып жатышат. Кызыл күйүп, унаа токтогондо балдар жабыла ар кайсы унаага чуркашат. Унаадагылардын айрымдары буга күлсө, айрымдары унчукпай акча сунуп жатышат. Ал эми башка улуттун өкүлдөрүнөн түшүнбөй карап калгандарын, кызыгып көңүл бургандарын, жаман карап акча сунгандарын жолуктурса болот. Жаш балдарды кой деген ата-энелерди да, милиция кызматкерлерин да бул тегеректен жолуктуруу мүмкүн эмес.