Кыргыз мамлекетинин жарандары бүгүндөн тартып Орусияда 30 күн каттоосуз жүрө алышат

Бүгүн, 20-июлда Орусияда эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын каттоого туруу күнүн узарткан документ күчүнө кирди. Документ кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу макулдашууга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда 19-июнда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский кол коюшкан. Ошондой эле Орусия жарандары да Кыргыз Республикасынын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат. 
Эскерте кетсек, буга чейин мигранттар Орусиянын аймагына кирген соң 7 күндүн ичинде каттоого туруу милдеттендирилип келген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
balykchy2012
2015-07-20 13:06:42
Жакшы жанылык булда болсо мигрантарга женилдик
+1
jamilya03
2015-07-20 13:34:40
ПРЕЗИДЕНТИБИЗГЕ ДАНК!!!.Кыргыз элибиздин жузун гулдуруп жатат сиздин да жузунузду гулдурсун кудайым аман болунуз Алмазбек Шаршенович.
0
Minhi
2015-07-20 13:52:39
Без патент качантан баштап иштейт мигранттар маалымат барбы Супер инфо?
+3
admin_portal
2015-07-20 14:07:46
Minhi, саламатсызбы!
Кабардар кылганга аракет кылабыз.
0
Eli75
2015-07-20 14:22:09
Президентке жана анын аппаратына терен ыраазычылык билдиремин. Эли-журтубуз жакшылык ийгиликтерибизди колдоп, ыраазычылык билдирсек ынтымагыбыз бекемдейт деп ишенем.
-1
happy86
2015-07-20 14:44:08
супер инфо кара тизме бугун жоюлат дединиздер эле го жоюлдубу
+3
admin_portal
2015-07-20 15:33:16
happy86, саламатсызбы1
Маалымат болору менен кабарлаганга аракет кылабыз.
+1
Maks_shop
2015-07-20 15:39:08
Ээмиби?
+1
stal.ks
2015-07-20 16:22:32
каттонуго узартты бирок орустар башка мыйзам чыгарды, жашаган жерине рег.я кылсын болбосо депорт деп
0
aiturgasha
2015-07-20 16:32:07
президент че то быйыл эле эл мн иштешип калдывы деймда. мурда кайда журдуле?
+1
Samandar
2015-07-20 16:45:50
Охоо сонун кабыр аман болунуз Алмазбек Шаршенович.эл жур сизге ыраазы 23 кун болсо да элге пайда эми патентти жок иштесек эл журтка чоон жардам болоор эле азыркы койгой ошол калды.эгер ошол масале чечилсе охооо кордун дей бер мекенимди тез эле булутка жеттип барат...
+1
azia9393
2015-07-20 22:04:53
Супер инфо патенти жок иштоого качан уруксат берилет маалымат барбы?
0
admin_portal
2015-07-21 10:23:22
azia9393, саламатсызбы!
Суроого жооп алып бергенге аракет кылабыз.
0
Drongo
2015-07-21 00:49:55
СуперИнфо! Данил Ибраевке кайрылып корунздор.Ал киши баардык суроого жооп берет.Москвада РБК каналына чакырылып интервью берип жаткан,ушул суроолор боюнча.
0
admin_portal
2015-07-21 10:23:42
Drongo, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан