Жаштар "кыргыз маданиятынын баалуулуктары шылдыңга алынды" деп Боом капчыгайындагы граффитини өчүрүүнү көздөшүүдө

Кыргыз жаштары "Боом капчыгайында "- Эээ... Кандай?" деген граффитинин жанында жылаңач аялга жана маймылга окшош балбал таштар тартылган. Бул элдин маданий баалуулуктарын шылдыңдагандык" деп граффитини өчүрүүгө каражат чогултушууда. Интернеттеги социалдык тармактарда талкуу жараткан сүрөттү коргогондор да, жеригендер да бар.

Ал эми аталган граффитинин авторлору өз кезегинде мындай демилгеге таң калып жаткандыктарын билдирип, активисттерди элди туура эмес маалыматка үндөбөөгө чакырышат. Муну блоггер Кайрат Бекмамбетов билдирди.

“Активисттер кайсы балбал ташты жылаңач аялга жана маймылга окшоштурганыбызды айтып жатышканына азыркыга чейин таң калып жатабыз. Сүрөттүн композициясында сүрөтчүлөрдүн терең чыгармачылык мааниси камтылган. Ошондой эле граффитинин жалпы идеясы ак илбирсти коргоону этникалык мотив менен бекемдөө болгон”,- деп билдирет граффитинин авторлору.

Эске салсак, июнь айынын соңунда өткөн Көчө маданияты фестивалынын алкагында Боом капчыгайында "- Эээ... Кандай?" деген граффити тартылган. Учурда граффитини айрымдары шылдыңдоо катары кабыл алса, айрымдары, тескерисинче, заманбап, оригиналдуу көрүнүш катары баалашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dadasdasd
2015-07-21 16:06:56
Кереги жок ал суроттордун. Аны карайм деп оозу ачылгандар кырсыкка кабылат.
-2
bosmos777
2015-07-21 16:14:22
Мындан башкача онорлорду корсотсок! Очуруу керек!
-1
Tao
2015-07-21 17:46:26
Сурот тартаалбаган калем тандайт болбой эле Бекмамбетов тантырабай туурасын айтпайбы. Кайсы жерде илбирстин куйругу көрүнүп турат? (Же ташка ХХХ ХХХ кетип "ээ кандай", ХХХ ХХХ ХХХ? деп сурап жатабы?) Антип тамтандабай эле ак илбирсти келиштире тартып, биздин сыймыгыбыз, байлыгыбыз, алтын-кумушубуз десе деле тушунот элек да. Бомждорду тарткансып телтейтпейт.
-1
admin_portal
2015-07-21 18:07:22
Tao - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
Tao
2015-07-21 17:48:56
Башка олколордо укмуш кооз суротторду, пейзаждарды тартып кооздоп, 3D суроттон бери коюп атса биздикинин кебетесин карасанар?. Туалет таппай калып чон добонун артына "чонго отура" калгандай эле болуп калыптыр.
-2
Suke93
2015-07-21 18:23:51
эхх кыргыз эли кандай болуп баратабыз. Ушул демилге жаралып жатканда эмне деген мактоолорду айтып жаттык эле.
+3
OTYPBARATYPELEEE
2015-07-21 18:45:18
эээээ деп айтпайт элибизде жана эээээ деген этикага дал келбейт
0
Memory
2015-07-21 18:58:09
Мага башынан эле жаккан эмес ушул сурот. Мен коргондо эле негедир 2 мас баланы элестеттим, бироосу былжырап эээээ кандай десе экинчиси суйлогонго алы келбей бармагын корсотконсуп. Ужасс...
-1
SHAHDAR
2015-07-21 20:04:35
Жакшы бир нерсени чагылдырып тартса жакшы эле болмок. Сурот вааще жаккан жок. Чын эле максаттары шылдындоо сыяктууу
-1
nursultan1
2015-07-21 20:47:26
Пай пай паай ушунчалык да эки жүздүү, ушунчалык оомаа болосуңарбы?! Бул сүрөттөрдү каандай эмгек менен тартышканын баалабоо болуп калат го, анан да жаңы тартылып жатканда мактадынар эле эми болсо жамандап жатканыңарды тушунбодум... Мен бул эмгекке эч кандай тиешем болбосо дагы, сүрөттөрдүн өчурулушуно 100% каршымын жана бардык мекендештерди үндөп кетем.
+1
st1m_
2015-07-21 20:50:33
Оригинал, заманбап деп койгонун кара,ушинтип сурот тарткыча жон эле койбоптур да.Оз суротун озун мактап жата бер ошентип.Бизде деги эле бир нерсени карап контрольдойбу же ким каалаганын жасай береби? Терен чыгармачылык маани камтылган деп койгонун кара деле.
0
Zarema94
2015-07-21 21:28:05
Илбирстин "и"си да байкалбайтго суротт0н
-1
Dadasdasd
2015-07-21 22:05:21
ЭЭЭ кандай. Деген мындай чемеленет экен. (Эшекин эти экен кандай ? )
-1
bah_tee
2015-07-26 16:55:16
Кыргызга эч нерсе жакпайт силердин бир сомунар же кыпынча жардамынар тийбегенден кийин озунарга келгенди оттой бербегиле. Ошол бар нерсени жок кылганга жумшалчуу акчаны жетимдерге бергиле сооп болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан