Малайзиялык журналисттер бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, интервью алышты. Мамлекет башчы кыргыз жериндеги туризм тармагы, өлкөдөгү дин маселеси, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору боюнча пикирин айтты.
Жолугушуу соңунда малайзиялык өкүлдөр делегациянын атынан президентке белек тартуулашты.
Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (“The Star”), кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.