Бүгүн, 6-августта
SUPER.KG порталына байланышкан окурман Өзгөндөгү мектепке 1-класска кабыл алуу үчүн балдардын ата-энелеринен 2000 сомдук демөөрчүлүк жардам талап кылынганын билдирди.
"Менин 4 балам бар, учурда иштебей үйдө отурам. Жолдошум эле иштейт. Улуу балам Курманжан датка атындагы мектепте 5-класста окуйт. Экинчи баламды 1-класска бермекпиз. Кандай документтер керек деп барсам, башталгыч класстарга билим берүү боюнча жооптуу мугалим "Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн зал курганбыз. Ал жерге эмеректерди алуу үчүн 1-класска барган балдардын ата-энелери 2000 сомдон бериши керек" деди. Ар ким бере алышынча берсе деле болмок экенин, бирок 2 миң сомду демөөрчү катары милдеттүү түрдө берүү керектигин Гүлзат деген мугалим айтты. 1-класска барчулар эле эмес, 2-3-класстын окуучулары да төлөшөт экен",- дейт окурман.
Анын айтымында, буга чейин ата-энелер ашкана курууга каражат жагынан көмөктөшүшкөн. Бирок анда каалоочулар гана акча беришкен.
"Мындан 2 жыл мурун ашкана курулган. Ар бир бала өз ыктыяры менен 500 сомдон берген. Мектеп ашкананы куруп, аны башка адамдарга ижарага берип койгон. Ошондо да ата-энелер ызы-чуу чыгарышкан. Кийин каалагандар гана беришкен",- деди окурман.