Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган жергиликтүү тургун ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына ур-токмокко алынган Айтур Камчыбековдун туугандары билдиришти.
Алардын айтымдарында, үстүбүздөгү жылдын 4-август күнү Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын 3 кызматкери Айтур Камчыбековду ур-токмокко алган.
“5-август күнү ооруканага кайрылганбыз. Ал жердеги дарыгер “бөйрөгүнө шамал тийиптир” деп туура эмес чечим чыгарды. Мындан улам ооруканадан чыгууга мажбур болдук, себеби жабырлануучу Айтур Камчыбеков “мени милиция кызматкерлери сабашты” деп айткан болчу. Эртеси кайрадан ооруканага алып келдик. Милиция кызматкерлери болсо көп суммада акча сунуштап жатышат, бирок биз баш тарттык. Алар бизди коргоонун ордуна кордоп жатышат”,- дешет жабырлануучунун туугандары.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы: “Ошол күнү Т.Ормошов өзү тейлеген аймакта кызматтык милдетин аткарып жүрүп, карта ойноп жаткан балдарга тарап кетүүнү эскерткен. Бирок мас абалындагы Айтур Камчыбеков милиция кызматкерин сөгүп, формасына асылган. Ошол учурда Т.Ормошов кесиптеши М.Болотбековду жардамга чакырып, Камчыбеков Айтурду унаага салып, мастыгын аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өткөрүшүп, Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Андан соң ага карата административдик протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилген. Белгилей кетүүчү жагдай, бул окуяга чейин Айтурдун мас абалда, денеси көк ала болуп жүргөнүн күбөлөр көрүшкөн. Ошондой эле ал буга чейин “зордуктоо” жана “тоноо” беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган”,- деп билдирүү таратышты.