Бүгүн, 11-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Алга" (Кыргыз Республикасы) командасы менен "Бенфика" (Макао) беттешти. Оюнду көрүүгө 2 миңге жакын футбол күйөрманы келди.
Биринчи таймда "Алга" көптөгөн чабуулдарды уюштурду, бирок голдорго жеткирүүгө бир аз жетишпей жатты. Оюндун башталышынан жарым саат өткөндө гана топ "Бенфиканын" дарбазасына киргизилди. Анын автору Иван Филатов болду. Экинчи голду күйөрмандар экинчи таймда көрө алышты. "Алганын" оюнчулары мыкты чабуул уюштуруп, Мирбек Ахматалиев эсепти 2:0гө жеткирди. Оюндун аягына чейин бул эсеп өзгөргөн жок.
Айта кетсек, бул беттеш "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин квалификациялык бөлүгүнүн алкагында өттү. Аталган мелдештин тандоо бөлүгүнө топтун жеңүүчүсү чыгат. "В" тобунда "Алга" жана "Бенфикадан" тышкары "Шейх Жамал" (Бангладеш) командасы да бар. Ал эми "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин тандоо бөлүгү 2016-жылы башталмакчы.
"В" тобундагы калган оюндар:
13-август, 18:00. "Бенфика" (Макао) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).
15-август, 18:00. "Алга" (КР) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).
Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.