Кытайдын Вейнянь шаарында өспүрүмдөр арасындагы "Silk Road Cup-2015" мелдеши уланууда. Кыргыз мамлекетинин өспүрүмдөр курамасы бүгүн Кытай менен беттешип, 4:0 эсебинде утулуп калды.
Самат Сүймалиевдин командасы алгачкы 15 мүнөттө атаандаштарына басым көрсөтүп, аларды коргонууда кысканга аракет кылды. Кытай футболчулары ылдам жана бир топ тажрыйбалуу экени байкалып турду. 30-мүнөттө коргонууда кетирилген катадан кийин кытайлыктар алгачкы голду жаратышты. Ага удаа 2-гол жаралып, алгачкы тайм 2:0 эсебинде аяктады. 48-мүнөттө атаандаштар кийинки голду жаратып, утушка ишенимдүү кадам ташташты. Андан кийин алар 54-мүнөттө 11 метрлик сокку узатуу укугун алышты. Дарбазачыбыз
Эльгард Сычев атаандаштарга пенальтиден гол жаратуу мүмкүнчүлүгүн берген жок. Ал эми 4-голду кытайлыктар 88-мүнөттө киргизишти.
Кошумчалай кетсек, Кытайдагы мелдешке катышып жаткан кыргыз футболчуларынын жашы 14-15те. Ал эми биздин курамга каршы ойногон Кытайдын өспүрүмдөр курамасы 16 жаштагы футболчулардан куралган.