Бүгүн, 13-августта Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылындагы "Керемет суу" эс алуучу жайында мушташ орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ жергиликтүү тургундар менен аталган жайдын ээсинин ортосунда чыккан. Жыйынтыгында бир адам каза тапты. Учурда окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келишти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жергиликтүү айылдын тургундары "Керемет суудагы" ысык булактарга түшүүгө келишкен. Бирок күзөтчүлөр аларды киргизбей коюшканда тургундар кийим чечүүчү жайды өрттөөгө аракет кылышкан.