Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубековго Интерпол эл аралык издөө жарыялады. Экс-чиновник коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу кылмыштарына катышканы үчүн изделүүдө.
Ички иштер министрлиги быйыл июндун аягында Тойчубековго издөө жарыялаган. Аны камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту сырттан чечим чыгарганы белгилүү. Экс-чиновникке Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши ачылган.
Экс-чиновник кызматта турганда компаниялардын бирине мыйзамсыз күбөлүк бергени жана пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошоткону үчүн айыпталууда. Толугураак
бул жакта.