Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин экс-директору Дүйшөн Сатыбалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Дүйшөн Сатыбалдиев “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү” беренелери боюнча айыпталууда. Дүйшөн Сатыбалдиевдин жүргөн жерин көрүп-билгендер (0550) 78-87-37, (0701) 51-11-10 телефон номуруна чалып кабарлашса болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.