Жогорку чыңалуудагы электр линияларын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке кирди (фоторепортаж)

Жогорку чыңалуудагы электр линияларын туташтырган Кемин районунда жайгашкан “Датка-Кемин” линиясы бүгүн, 28-августта толук кандуу ишке кирди. Кыргыз Республикасын энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жеткирүүчү бул линиянын ачылыш салтанатына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. 
"Датка" жана "Кемин" подстанциялары 500 кВ кубаттуулукта болуп, анын узундугу 405 чакырымды түзөт. Анын курулуш иштери 2011-жылы башталып, ага жалпы 389 миллион 795 доллар сарпталды. Бул каражат Кытай мамлекети тарабынан жеңилдетилген насыя катары берилген. Ал эми аталган линияны кытайлык компания ишке ашырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан