Өкмөт башчы Жусуп Абдрахмановдун кызынан жана Ысык-Көлдө 14 жаштагы кызды суудан куткарып жатып чөгүп кеткен жарандын үй-бүлөсүнөн кабар алды
Бүгүн, 24-сентябрда Курман айт майрамына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахмановадан кабар алды. Ошондой эле Ысык-Көлдө 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды куткарып жатып курман болгон Памир Исмаевдин үйүндө болду. Премьер-министр өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчалай каражатты тапшырып, өзүнүн атынан да жардам көрсөттү. Темир Сариев Памир Исмаевдин балдарын өкмөт камкордукка аларын убадалады. П.Исмаевдин жашы жете элек 4 баласы бар, жубайы бешинчи баласын күтүп жаткан. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы жарыялады.