Футбол: Кыргыз оюнчулары эсепти теңешти! Оюн 2:2 эсебинде аяктады

Кыргыз курамасы акыркы мүнөттө эсепти теңеди! Эсеп 2:2. Экинчи голду 94-мүнөттө улуттук курамдын жарым коргоочусу Антон Землянухин дарбазага 11 метрлик сокку тебүүдө киргизди. Оюн эсептин өзгөрүүсү менен аяктады. Эсептин теңелишин күйөрмандар кыйкырык-сүрөөн менен кабыл алышты. Ал эми тажикстандык оюнчулар 11 метрлик сокку белгилөөгө бир топ каршылык көрсөтүшүп, акыры калыс кыргыз оюнчусуна карата эреже бузулганын белгилөө менен пенальти дайындады. Жыйынтыгы кыргыз тарапка гол алып келүү менен аяктады. 
Эскерте кетсек, бүгүнкү оюнда жалпы 4 гол кирсе, мунун экөөсү 11 метрлик айып сокку тебүүдө кирди. 
Бул беттеш Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында орун алды жана командалар 3 упай талашуу үчүн жолугушту. Кыргыз футболчулары 2-орунга карата жарышты улантуу үчүн сөзсүз жеңишке жетишүүгө тийиш болчу. Жыйынтыгында утуу да, утулуу да болбоду.  
Ушуну менен көптөн күткөн беттеш аягына чыкты. Стадиондогу 18 миңдей күйөрман үйлөрүнө жөнөштү. Көчөдө кайрадан унаа тыгыны башталды. 

Кыргызстан-Тажикстан беттеши 2:2 эсебинде аяктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
Alixan-Nookat.2015
2015-10-08 22:38:57
Урраааааааааа уят болбодук тен чыкканга шугур дейли.
+3
Mars55
2015-10-08 22:40:10
Мен сыналгыны учунчу кабатка каторуп чыгып аран кордум
+1
Charli
2015-10-08 22:40:22
Тажиктердин бети жок экен. Кечке эле жатып алыштыго
+2
Eraly___
2015-10-08 22:41:10
Аябай кызыктуу оюн болду бирок.
+1
medina.
2015-10-08 22:42:44
sonun boldu!
+2
timarama91
2015-10-08 23:09:59
2:1болгондо журогум токтоп калайын деди
+3
cyrus
2015-10-08 23:15:13
Азаматсынар, кийинки оюнда жакшы ойногула
+2
Мэри
2015-10-08 23:23:47
А мен айткам, үмүтүңөрдү үзбөгүлө, убакыт бар деп ))) Жүрөк сезген да ))))
Рахмат футболчуларыбызга да, алардын машыктыруучусуна да, анан өзгөчө сайттагы күйөрмандарга!!!
+5
Maks_shop
2015-10-08 23:39:23
13үндө болот
+2
Altysh_Boldush
2015-10-08 23:41:41
Биздин футболчулар 2. Таймда дайым берип коюшат негедир. Чарчап калабы билбейм. Насвайды азырак чегиш керекта
+3
KUMU89
2015-10-09 00:04:21
Молодцы
+4
M89
2015-10-09 00:28:13
Акыркы мүнөттөрдө жүрөгүм кармап, приступ болуп калайын дедим ээ.
+6
gulaza
2015-10-09 02:58:53
Молодцы Ураа! Урааа!
+1
admin_portal
2015-10-09 09:43:29
sanjar - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
0
M.a.r.s.e.l
2015-10-09 12:31:30
Биздин команда туз тепкенди уйронуш керек экен ошонун айынан канча шансты кетиришти а так жакшыле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан