№50-түзөтүү колониясында отургандардын баары ур-токмокко алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.
Анын айтымында, түрмөдөн качууга тийиштиги жок 8 адамды да ЖАМКтын кызматкерлери токмоктоп жатышат. "Алар абактын эшиктери ачылганда да качууга аракет жасашкан эмес. Түрмөдөн качууга аракет жасаган Бакыт Кенжегулов кармалган күнү анын буттарын сындырып коюшкан. Бүгүн анын каза тапканы белгилүү болду. Бир күн мурун жан берген Таалайбек Жумановду да колго түшкөн күнү катуу токмоктошкон",- деди Үмөталиева.