Бүгүн, 24-октябрда ырчы Малика Дина кыздуу болду. SUPER.KG порталына сүйүнүчтүү кабары менен ырчынын апасы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова бөлүштү. "Кызым бүгүн эртең менен көз жарды. Неберем 4 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Маликанын да, наристенин да абалы жакшы. Бул төртүнчү неберем. Ысым коюуну эми ойлонобуз. Балким, тун неберем сыяктуу сынак жарыялап, эл менен чогуу тандап калабыз",- деди.