Ахматбек Келдибеков 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө прокурор судьяга кайрылып, Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн билдирди.

"Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган. Мындан улам мамлекетке 9 миллион сомго жакын көлөмдө зыян келтирилген. Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу мыйзамсыз экенин депутаттык комиссия аныктаган",- деди прокурор.
Бул эпизод боюнча мамлекеттик айыптоочу Келдибековду мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Мындан тышкары прокурор "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча Келдибековдун күнөөсү толук далилденгенин айтып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну суранды.
"Жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен Ахматбек Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранам", - деп кайрылды судьяга прокурор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан