Футбол боюнча өлкөнүн Биринчи Лигасында чемпиондук наамды “Кара-Балта” менен “Алдиер” клубдары талашууда

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Биринчи Лигасы аяктап, учурда абсолюттук чемпионду аныктоочу оюндар жүрүп жатат. Анда “А” зонасынын чемпиону “Кара-Балта” клубу менен “В” зонасынын чемпиону “Алдиер” клубдары эки беттеш ойноп, жеңүүчүнү аныкташмакчы. Оюндар “өз үйүндө” жана “конокто” системи боюнча өтөрү пландалган.

Аталган лигадан кабарлашкандай, кечээ, 4-ноябрда Кара-Балта шаарында бул эки команда өз ара кез келип, беттеш 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Эми 8-ноябрга пландалган жооптук оюн Куршабда өтөт. Жеңүүчү аталган команданын кийинки жылкы сезондо өлкө чемпиондугу – ТОП-Лигага келери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RASTAMAN
2015-11-05 12:17:45
Aldierde jakwy mumkunchuluk bar eken. Kg unitedtin orduna keletda
0
bakitbek.87
2015-11-05 20:27:05
Azamatsinar aldier jenet kuday buirusa
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан