2016-жылдын экинчи жарымында массалык түрдө ID паспортторду берүү башталат. Муну бүгүн, 13-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Александр Аванесов менен жолугушууда билдирди.
Сарпашев биометрикалык технологияларды мамлекеттик тейлөө системинде колдонуу боюнча жол картасы дээрлик даярдалып калганын белгилеп: "Бул багытта бизде амбициялык максаттар бар. Мамлекеттик тейлөө тармагында биометриканы жайылтуунун башкы максаты - жарандардын мамлекеттик кызмат алуусуна ыңгайлуулук түзүү жана алардын коопсуздугун камсыздоо",- деп билдирди.