Бүгүн, 22-ноябрда таңкы саат 7:56 чамасында 148 жүргүнчүсү менен Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко сапар алган учак кырсыкка кабылды. Ош аэропортунун маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, учак Ош аэропортуна конууга аракет кылып жатканда конуу тилкесинен чыгып кетип кырсыкка кабылган. Учакта жалпы 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү бар болгон.
Маалыматтарга караганда, бир жүргүнчү жана бир экипаж мүчөсү жеңил жаракат алган. Ал эми учактын сол канаты жана дөңгөлөктөрү сынган. Учак Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко келип эки ирет конууга аракет кылган, бирок аба ырайынын начардыгынан улам Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Кайра 7:00 чамасында Ошко сапар алган.