"Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери жумушка кечигип келүүнү адатка айландырышты". Бул тууралуу окурман 10-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, жумуш убактысы аталган фонд үчүн 09:00дө башталат. “Ал эми кызматкерлер 15-20 мүнөт кечигип келишет. Бул башкармалыкка кандайдыр бир жумушу менен келген жарандар минтип узун кезекке туруп күткөнгө мажбур. Ошондой эле социалдык кызматкерлер адамдарга орой мамиле жасашат”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.