Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте КРнын Футбол федерациясы 2015-жылы футбол жаатында мыкты болгондорду аныктоого багытталган иш-чара уюштурду. Анда бир катар наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, алар тиешелүү сыйлыктарын алышты. Анда "Мыкты футболчу" наамы Антон Землянухинге, "Мыкты машыктыруучу" наамы машыктыруучу Александр Крестининге ыйгарылды (экөө тең улуттук кураманын өкүлдөрү).
Бул күнү алгач ардагерлер лигасында ойногон футболчулардын ичинен мыктысы аныкталды. Сыйлык үчүн күрөш Руслан Сыдыков ("Ала-Тоо"), Рафик Амиров ("Алга") жана Закирбек Пусурманов ("Абдыш-Ата") сыяктуу футболчулар арасында өткөн.
*
Жыйынтыгында Закирбек Пусурмановго сыйлык буюруп, сахнага чакырылды.
*
Кыз-келиндер арасында жеңиш үчүн жарышка төмөнкү футболчулар түшкөн:
*
Жыйынтыгында Айжан Боронбекова жеңишке жетишип, сыйлыгын алды. Өз сөзүндө ал кыргыз футболуна ийгиликтерди каалап, федерацияга ыраазычылык билдирди.
*
"Мыкты машыктыруучу" наамына талапкерлердин үчтүгүнө өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев, "Алай" футболдук клубунун машыктыруучусу Андрей Власичев жана улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестинин кирген. Сыйлык А.Крестининге тапшырылды.
*
Беделдүү деп эсептелген "Мыкты футболчу" наамына коргоочу Азамат Байматовдун, дарбазачы Павел Матяштын жана жарым коргоочу Антон Землянухиндин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында сыйлык Антон Землянухинге ыйгарылды.
Футзал боюнча алдынкы үчтүк
*
Жыйынтыгында Кирилл Ермолов жеңүүчү аталып, сыйлык анын апасына тапшырылды (өзү Орусияда машыгуу сборунда жүрөт).
*
"Мыкты калыс" наамы боюнча Тимур Файзулин сыйлык ээси болуп табылды. Өзү чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу сыйлык алууга келе алган эмес.
*
"Мыкты бомбардир" наамы. Наам Оштун "Алай" футболдук клубунун чабуулчусу, быйыл өлкө чемпиондугунда 17 голу менен башкы бомбардир аталган Алиа Силлага ыйгарылды. Ал өзү Бишкекке келе албагандыктан, сыйлык клубдун өкүлдөрүнө тапшырылды.
*
Буга катар өлкө чемпиону "Алай" клубунун өкүлдөрүнө кубок тапшырылды.
* Анан да Кыргыз Республикасынын кубогун уткан "Абдыш-Ата" клубу кубокту расмий түрдө алды.
*
Ошондой эле Футбол федерациясы жыл ичинде иштешкен өнөктөштөрүнүн ичинен да мыктысын аныктап, сыйлык тапшырды.
*