Кийик атып, аны менен сүрөткө түшкөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкери жоопко тартылбайт

Кийик атып, аны менен сүрөткө түшкөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкери Искендер Жолдошов эч кандай жоопко тартылбайт. Муну бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди. Анын айтымында, 3 адамдан түзүлгөн комиссия бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, аңчылык мыйзамдуу экенин аныктап чыкты.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Укук башкармалыгынын адиси Нуржан Казакбаев, Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыктын инспектору Талант Карагулов жана кадрлар боюнча иш алып барган кызматкер Нестан Токтобаева аталган комиссиянын курамына киришкен. Иликтөө ишинин жүрүшүндө Мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзуна “Искендер Жолдошов аталган биримдикке мүчөбү?” жана Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине “Аңчылык кылууга уруксат кагазы чынында эле берилгенби?” деп суроо жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында баары мыйзамдуу түрдө экени аныкталып, Жолдошовго карата административдик жана айып пул жоопкерчилиги каралган жок”,- деди Абазбеков.

Ошондой эле SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кийиктерди атып, алар менен сүрөткө түшкөн Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Комиссия өз жыйынтыгын январь айынын башында чыгарат.

Эскерте кетсек, окурман 14-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу мамлекеттик органдын кызматкери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Окурман "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деп суроо койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
kgmiko
2015-12-29 18:23:03
Жаратылыш озу жазаласын! мен иштеген комиссияга ичим чыккан жок жоопторуга эл канаатанбайт! бааары устуртон эле !
+2
Rifle_2
2015-12-29 18:39:45
Суперге жүктөлгөн сүрөттө куралга гана разрешения бар эле.
+1
bolotbai3
2015-12-29 19:10:25
Олгондун устуно комгон кылышкан турбайбы.Эмне учун бул адамдар атат да башка адамдар атпаш керек.Же булардыкы акбы?Шашбай тургула мен да янврда кийик уулаганга барып келбесем
+5
AiBoru
2015-12-29 19:26:57
Комиссия мучолору жаны жылга чонтогун кампайтыптыр да. Канча алды болду экен!!!(???)
Ушуну мен билгем, алаарын алып, жээрин жеп мыйзамдуу деп чыгарышарын!!!
+6
suymon
2015-12-29 20:14:53
чек ара кызматында "бөрү" деген чек арачылар бар.алар тоо тэкелердин кожоюндары .өз текелерин эмне кылса боло береткоо дейм
0
bosmos777
2015-12-29 20:53:01
ХХХ ХХХ!!! Кыргыздын тоолорунда байырлааган байкуш жаныбарлар!!!
+2
admin_superstan
2015-12-30 09:58:40
bosmos777,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
talant87
2015-12-29 20:54:55
Акча болсо атасын акча жок болсо тордо жатасын
+7
Zhoodarbek-myrza
2015-12-29 21:46:29
Кабарды жеткирген окурмандын тынчын албаса эми, такыр туура эмес,Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлери ушундай кадам жасап жатса, кайран бей бечара уй булосун багамын деп 1 кг балык кармаса 1500 сом штраф салышат. Жининди эле келтирет да.
+3
Moskva.kg
2015-12-30 01:49:57
Элге зыян келтирген жаныбарларга гана уруксат берилиши мумкун Мисалы;карышкыр,чоо,тулку, ал эми тоонун корку болуп жургон жаныбарларды эмне атышат билбейм
0
medetbek
2015-12-30 02:42:12
Бул киши өткөн жумада бир теке атканбыз деп билдируу берген эле сүрөттү карасаңар бирөө теке бирөө эчки экен. Булар экөө менен гана сурөткө түшкөн. Канчаны атты бир кудай билет бир өздөрү билет. Төртүнчү сүрөттү карагыла бул дагы башка кийик.
+1
zhumagul89
2015-12-30 06:39:13
Алган акчалары синбей калса экен.
0
bolotbek91
2015-12-30 06:43:07
Менда толук ишенем булар жоопко тартылбайт
0
bolotbek91
2015-12-30 06:44:05
Чындыгында акыйкат жок эчкимге ишенбей калдык
0
kalizat
2015-12-30 09:06:49
акча бар жерде акыйкат болбойт
+1
Sonyvaio
2015-12-30 23:43:44
Акчасын берсен кийик эмес адам атканга да лицензия бершет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан