2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 30-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз мамлекетинде акыркы жылдары болуп өткөн окуялар өлкө өнүгүү жолунда жеке моделин ишенимдүү түзө алгандыгынан кабар берет. Бүгүнкү күндө заманбап демократияны укук демократиясы, элдин салттуу маданияты менен айкалыштыруу маселеси турат. Кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурасын сактоо жана аны өнүктүрүү, эффективдүү пайдалануу, өлкөнүн өнүгүшүндөгү улуттун жүзүн калыптандыруу максатында 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялайм",- деп айтылат маалыматта.