Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, 3 киши каза таап, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Республикалык жол-кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ болгон. Анда Тойота Виш үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Бишкек-Торугарт багытында баратып рулду башкара албай, натыйжада унаа даракты сүзгөн. Катуу соккудан улам айдоочу жана 2 жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон. Андан сырткары 4 адам, анын арасында 10 жаштагы кыз оор жаракаттарды алган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.