Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен такталбаган бөлүгүндө кайрадан чыр чыгып, ок атышуу орун алды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, окуя 9-январда болгон. Маалым болгондой, төрт кыргыз жараны чек араны бойлой жайгашкан суу түтүктөрдү бузууга аракет кылышкан. Ал түтүктөрдөн аккан сууну Өзбекстан тарап да пайдаланган. Өзбек чек арачылары бузуу аракетин токтотууну буйрушуп, ок чыгарышкан. Натыйжада кыргыз жарандарынын биринин бутуна ок тийген.
Жаракат алган жаран Өзбекстандын Наманган облусунун шаардык ооруканасына жаткырылган. Учурда анын абалы туруктуу. Ал эми калган үч жаран кыргыз чек арачылары тарабынан кармалышты.
Бул окуядан кийин Жалал-Абад облусу боюнча Чек ара кызматынын жана Янги-Курган багытындагы Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, чатакты биргелешип иликтөө чечимине келишти. Ал эми жаракат алган жаранды кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.