Өзбекстандык чек арачылар жарадар кылган кыргыз жараны кайтарылды

Өзбекстан 9-январда кыргыз-өзбек чек арасындагы окуядан жаракат алган кыргыз жаранын Кыргыз Республикасына өткөрүп берди. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, жарандын абалы канааттандырарлык. Учурда Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканада дарыланууда. Окуяга катышкан кыргыз тараптын башка жарандарына карата ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө. Өлкөлөрдүн Чек ара кызматтары конфликтти биргелешип иликтөөнү баштаганы айтылды.

Эскерте кетсек, 9-январда Аксы районунун Сары-Көпүрө аймагындагы такталбаган кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыккан. Төрт кыргыз жараны чек араны бойлой жайгашкан суу түтүктөрүн бузууга аракет кылышканы, ал түтүктөрдөн аккан сууну Өзбекстан тарап да пайдаланып келгендиктен, өзбек чек арачылары бузуу аракетин токтотууну буйрушуп, ок чыгарышканы айтылган. Натыйжада кыргыз жарандарынын биринин бутуна ок тийген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ayper
2016-01-11 08:36:43
Неге силер деле атпайсынар качан болсо эле ок жеп журо бересинер
+5
Rifle_2
2016-01-11 11:45:34
ayper,силер деп кимге айтылган сөз ?
Биздин чек арачыларда бир атылган ок үчүн жоопкерчилиги аябай чоң. Анан да аларды атып койсоң, чөө сыяктуу каңшылап башташат. Аксыда бир солдатты биздин чек арада аткан. Ал солдат канын агызбай (пакеттерге агызып) , өзүнүн чек арасына жеткенде агызган.
Натыйжада ызы чуу көп болгон.
Ар бир биздин чек арачыларга, камера бериш керек. Видеобайкоо сыяктуу болот. Мисалы Go pro.
+1
shailoo2015
2016-01-11 09:31:26
Ок жейсин анан өзүн күнөөлү болосун, Өзбектер келей жатса качыш керек экенда, анда не кыласыңар чекараны кооруп.
+4
RaHat19
2016-01-11 09:49:33
кыргыздар эмнеге ал тутукторду бузат
-1
elmurat.kg
2016-01-11 10:13:21
Кайтарганы жакшы болуптур.
+1
Taku.14.02
2016-01-11 10:17:07
Атканга огу жокко байкуштардын
+1
Rifle_2
2016-01-11 11:46:08
Taku.14.02,бар. Жоопкерчилиги чоң.
0
Taku.14.02
2016-01-11 13:22:17
Rifle_2,озбектерге эмне улуксат бекен анда жата берсин жоопкерчилиги чон деп элин душмандарга аттырып койуп
0
Nigimdi.jogotup.aldym
2016-01-11 14:08:05
Кандайча уруксат жок бар эле жол жобосу бар ок чыгарунун
0
more22
2016-01-11 16:44:14
Ал жерде такталбаган жер жокго озбекстан Кыргызстандын аймагындагы союз убагындагы турбаларга ээлик кылып келет туура кылат турбаларды бузуп салыш керек ал Кыргызстандын аймагында бизге эч кандай пайдасы жок анын
0
more22
2016-01-11 16:47:39
Алар Кыргызстандын аймагындагы адамды аткан болсо керек ошону тактап жазып койсонор себеби турбалар Кыргызстандын аймагындаго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан