Орусия телеканалдарына өзгөчө статус берүү боюнча макулдашуу коомдук талкуудан алынды

Орусиянын телеканалдарына кыргыз мамлекетинде өзгөчө статус берүү боюнча макулдашуу коомдук талкуудан алынды. Маалыматты бүгүн, 11-январда өкмөттөн тастыкташты.

Эскерте кетсек, 6-январда кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы "Массалык коммуникациялар кызматташтыгы жөнүндө" макулдашуунун долбоору жарыяланган. Документке ылайык, "Биринчи канал. Бүткүл дүйнөлүк түйүн" жана "РТР Планета" телеканалдарынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында кошумча шарттар түзүлмөк. Аталган телеканалдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө карата чет элдик маалымат каражаттары, орус тили жана орусиялык контентти колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөр колдонулбастыгы айтылган эле.

Демилге коомчулукта кызуу талкууга түшүп, көпчүлүк мындай аракетке нааразычылык билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан