Ирактын Дахук шаарынын жаш тургунуна активисттер аргентиналык футболчу Лионель Мессинин аты жазылган баштыкты кийгизип, сүрөткө тартышкан. Баштыктын өңү Аргентинанын улуттук курамасынын футболкасына түспөлдөшүп турганы даана байкалат. Бул сүрөт аз убакыт ичинде интернеттеги социалдык тармактарда катуу талкуу жаратып, активисттер жаш балага футболчунун өзүнүн футболкасын алып берүү боюнча акция башташкан.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, дүйнөнүн мыкты футболчусу Лео Месси бул окуя тууралуу кабардар болуп, жаш балага жардам бере турганын айткан. Азырынча футболчу ага кандай жардам берери белгисиз.
Кошумчалай кетсек, аталган шаардын аймагында да "Ислам мамлекетине" каршы согуштук аракеттер байкалган.