Түптө дарыгерлердин шалаакылыгынан вакуумда күйүп каза болгон 10 күндүк ымыркайдын окуясы боюнча комиссиялык экспертиза дайындалды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда дарыгерлердин шалаакылыгынан вакуумда күйүп каза болгон 10 күндүк ымыркайдын окуясы боюнча комиссиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 22-январда SUPER.KG порталына Түп райондук ички иштер башкармалыгынын тескөөчүсү Сабыр Мухтаров маалымдады.

Анын айтымында, төрөт үйүндөгү дарыгерлерге чара көрүү боюнча ымыркайдын атасы милицияга арыз жазган. Буга чейин дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккан. Андан тышкары окуяны тыкыр иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, дагы экспертизалар дайындалды. Учурда алардын жыйынтыгы чыга элек. Окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы дарыгерлерге 2016-жылдын 18-январында сөгүш жарыяланганын, дарыгерлер төрөт үйүндө иштеп жатканын билдирди.

Айта кетсек, Түп райондук төрөт үйүнө 2015-жылдын 24-ноябрында Мадина Муратбекова аттуу кош бойлуу айым түшүп, ошол эле түнү көз жарган жана ымыркайдын абалы нормалдуу болгон. Бирок 5 күндөн кийин абалы начарлап, аны облустук ооруканага которушкан. Дарыгерлер жаңы төрөлгөн баланын абалын көрүп нес болуп калышкан. Дароо апасына ымыркайынын буттары жана башка дене бөлүктөрү күйүп калганын кабарлашкан. Бала вакуум лампасына күйүп калган. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Түп райондук төрөт үйүнүн кызматкерлери окуядан кийин күнөөнү эненин өзүнө оодарганы, кош бойлуу эненин түрдүү оорулар менен жабыркап келгенинен улам ымыркай каза болуп калганын айтып чыгышканы маалымдалды. Текшерүүдө энеде эч кандай оору болбогону аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Inna_91
2016-01-22 11:54:48
Мед айымдар ар бир болнойлорду карап козомолго салып туруу милдети мед айымдардын колунда дайыма кол саат тагыныш керек секунда козомолго алуу керекда
-2
Inna_91
2016-01-22 11:58:44
Байкуш нарисе жаткантжери жайлуу болсун аллага озуно керек инсанды алып кетета
+2
bibi87
2016-01-23 04:12:29
Беш кунго чейин апасы кантип байкаган жок куйуп калганын,же лампага куйсо билинбейби? Сабыр тилейм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан