Орусиянын Казань шаарынын Новосавиновский райондук соту денесин саткан кызды өлтүрүүгө айыпталып жаткан кыргыз өлкөсүнүн 25 жаштагы Жахон Кудайбердиев аттуу жаранынын ишин карады. Каза болгон кыздын кызыкчылыгын коргогон Раушани Камалова сот залында мамлекеттик айыптоочу аны 11 жылга эркинен ажыратууну суранып жатканын айтканын Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. "Ал айыбын толугу менен мойнуна алды. Өкүнүп жатат",- деди Камалова. Соттун өкүмү 3-февралда чыгарылмакчы.
Тергөөдө маалым болгондой, 2015-жылдын 13-октябрында Кудайбердиев Казань шаарындагы көчөлөрдүн биринде денесин саткан 25 жаштагы кыз менен таанышып, аны үйүнө ээрчитип барган. Андан кийин мас абалда аны муунтуп өлтүргөн. Кыздын жансыз денеси ал үйдө эки күндөн ашык убакыт тургандан кийин ал кыздын башына мүшөк кийгизип, анын сыртынан полиэтилен баштыгын кийгизип, терезеден ыргытып жиберген.