23-январда саат 15:30 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 124-чакырымында Ош "Гидро-Бетон-Строй" ишканасына тийиштүү КамАЗ, Ош-Баткен багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу Мерседес-Спринтер, Өзбек Республикасына тиешелүү 2 Дамас үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кырсыктан 3 адам каза болгонун билдирди (2 адам Өзбек Республикасынын жараны - Дамас үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары, 1 адам КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу). 18 адам жабыркап, Кадамжай райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.
Эскерте кетсек, окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Кадамжай шаарында төрт унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталганын билдирген.