Кыргыз тилинде элге күлкү тартуулап келген "Тамашоу" Лигасынын 7-сезонунда чемпион аталган "Позитифф" командасы Казакстанга жөнөп кетти. Команда Казакстанда 30-31-январь күндөрү өтө турган "Жайдарман" КВН фестивалына катышмакчы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү жана алып баруучусу Эрмек Нурбаев кабарлады.
Анын айтымында, бул кадам эки мамлекеттин КВН Лигаларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт. "Негизи, "Жайдарман" казак тилинде өтөт. Биздин балдар өнөрлөрүн кыргыз тилинде тартуулашмакчы. Быйыл 13-февралда "Тамашоунун" Кышкы фестивалында "Жайдармандан" күчтүү-күчтүү командалардын Бишкекке келери күтүлүүдө",- дейт Э.Нурбаев.