Чүй. Чана тээп жүрүшкөндө муз жарылып, сууга кулашкан эки кыздын бири жардамга келгендердин аракети менен аман калган

Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарында чана тээп жүрүшкөндө муз жарылып, сууга кулашкан 7 жана 11 жашар кыздардын бири жардамга келгендердин аракети менен аман калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 12-январда орун алган. 2004-жылы туулган Р.А. аттуу жана 2008-жылы туулган М.С. аттуу эки кыз көлмөнүн жанында чана тээп жүрүшкөн. Андан соң кыздар музга барышканда муз жарылып кетип, алар сууга түшүп кетишкен. Кыздардын кыйкырыктарын уккан жергиликтүү тургундар Айбек Бактыбеков жана Талант Самарбеков куткарууга чуркап келишкен. Алар сууга кирип, кыздарды жээкке чыгарып, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. 11 жашар Р.А. ага биринчи жардам көрсөтүлгөнүнө карабай көз жумган, ал эми 7 жашар М.С. аттуу кыздын абалы канааттандырарлык.

"Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын демилгесинин негизинде Айбек Бактыбеков менен Талант Самарбековду эрдик көрсөткөнү үчүн ӨКМнын "Чөгүп бара жаткан адамды куткаргандыгы үчүн" медалы менен сыйлоо маселеси учурда каралууда",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Elime
2016-01-28 09:10:21
Кырсык каш кабактын ортосунда деген чын да.11 жаш балалык курак, эч нерсени корбой билбей кеткени окундурот.Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтабыз.
+16
Kroxa
2016-01-28 09:48:17
Кырсык,,кайрат кылгыла...бейиши болсун наристенин...
+2
akimjan93
2016-01-28 10:19:26
11 jashar nariste duino saldy degen kandai jaman kabar e ali duinonu koro elek jashoonu jashai elek on gulunon bir gulu dagy achylbastan tuboluk uikuga ketti attin ai attin. Jaiy beyishte bolsun
+2
MuslimNur95
2016-01-28 10:30:33
Мындай адамдарды сыйлоо керек азамат куткаргандар
+2
Inna_91
2016-01-28 11:50:57
11 жашар кыз балакай жащ кетииптирда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан