Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине нааразы болуп жатышканын бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
"Кыргыз Республикасынын токтомуна ылайык, 6 октук унаанын жүгү өзүнүн салмагын кошкондо 44 тонна болуш керек. Биз 44 тоннага жетпеген жүгүбүз менен Эркеч-Тамдагы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу постко келгенибизде, ар бир окко 7,5 тоннадан туура келишин талап кылып кыйнап жатышат. Жүктөрдүн ар кандай болгонуна байланыштуу эч качан алар талап кылгандай жүктөөгө болбойт экенин билдиребиз. Мисалы, бир унаа жүгү менен 40 тонна болуп, анын бир огунда 7,5 тоннадан ашык жүк болгону үчүн 15-16 миң төлөткөнү жатышат. Биз көп өлкөлөрдөн мындай посттордон өтөбүз, бирөөсүндө да мындай талап жок. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен ушул постко көңүл бурууну талап кылабыз",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.