Жалал-Абадда ата-энеси тарабынан зомбулукка кабылган 17 жаштагы кыз Бишкекке качып келди. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жабырлануучу кыз мурда Бишкекте, биздикинде иштеп жүрчү. Ошондуктан бизден жардам сурап келди. Бүгүн эртең менен саат 09:00 чамасында келди. Денесинде тамтык жок. Анын айтуусу боюнча, ал Жалал-Абадда энеси жана өгөй атасы тарабынан катуу сабалган. Биз аны батирге жайгаштырып, эми эмне кыларыбызды билбей жатабыз",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.