"Каракол шаарындагы СССР маалында курулган "Ак-Тилек" борбордук базарындагы абалды оңдоого жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай көңүл бурулбай келет. Учурда соода катарларындагы кар күрөлбөй, муз тоңуп, ыңгайсыздыктарды жаратууда",- деп бүгүн, 31-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, базарда санитардык абал өтө начар. "Соодагерлерден күнүнө орун акысы деп орчундуу акча чогулат. Түшкөн каражаттын бир бөлүгү абалды оңдоого жумшалса дурус болмок... Жергиликтүү бийлик базар ээлери, соодагерлер менен биргеликте кеңешип, бош турган базарларга көчүрүп, "Ак-Тилекти" реконструкциялап, тартипке келтирсе болот эле да. "Ак-Тилек" базарынын "крышасы" кыйын деген түшүнүк пайда болот, болбосо маселени чечкенге жол бар, аракет жок. Мэрия, санэпидемстанция, Архитектура башкармалыгы жана башка тиешелүү мекеменин баары кайдыгер",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.