Жогорку Кеңеште Бек Борбиев жана айрым куудулдарды "чыккынчы" аташты

Парламенттин 4-февралдагы жыйынында ырчы Бек Борбиев менен айрым куудулдардын жоругу айтылды. Депутат Мээрбек Мискенбаев маданият өкүлдөрү элди бөлүп-жарып жатат деген пикирде.

"Быйыл 9-11-январда айрым куудулдар Бишкек, Ош шаарларында концерт коюшту. Андагы Апрель окуясы боюнча интермедия көрүүчүлөрдү абдан нааразы кылды. Кыргызда "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" дейт. Мейли, куудулдар депутаттарды сындашсын, өкмөттү сындашсын, бирок элдин кызыкчылыгы үчүн бейкүнөө каза тапкан баатырларды сындоого эч кимдин акысы жок. Булар элди бөлүп жатышат же бакиевдик бийликти эңсеп жатышабы?

Ырчы Бек Борбиев Минск шаарына барып Бакиевге ырдап келгенин билебиз. Далай адамдын өмүрүн кыйган канкорго эл артистинин барып ырдашын кандай түшүнсөк болот? Булар эл артисти эмес, чыккынчы, маскарапозго айланып баратышат. Элди маңкурттукка түртүп жатышат, элине чыккынчылык кылуу - оор кылмыш. Буларга мыйзам чегинде жаза бериш керек",- деди Мискенбаев.

Спикер Асылбек Жээнбеков бул боюнча кабары жоктугун айтып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тапшырма берилерин билдирди. "Министрлик карап чыгып, бизге маалымат бериши керек",- деди парламент жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан